Бүгүн, 2024-жылдын 29-октябрында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов Тоӊ райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынын уюштурулган “Бош орундар жарманкесине” катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аким райондун аймагындагы иш берүүчүлөрдүн иштери жана №81-Кесипчилик окуу жайынын кесип тандоо боюнча презентациялары менен таанышты. Ошону менен катар райондун мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына заман талабына шайкеш келген кесиптерге ээ болууну сунуштады. Андан соӊ райондун жетекчиси №81-кесипчилик окуу жайынын ишмердүүлүгү, окутуу шарттары, жатакананын абалы, күнөскана ж.б менен кеӊири таанышып чыкты.