Аппарат полномочного представителя Президента Кыргызской Республики
в Иссык-Кульской области

кыргызстан

Новости

«Нан болсо — ыр да болот»

ТҮШҮМ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн,2024-жылдын 25-октябрь күнү Б.Мамбетов айыл аймагынын Төрт-Күл айылында күркүрөгөн күз айынын келиши менен жергебизде салтка айланып келе жаткан “Түшүм майрамы” районубузда да кызуу даярдыктар, жетишкендиктер жана жакшы маанай, жарык жүз менен өткөрүлдү.

Майрамга Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери,айыл аймак башчылары жана айыл тургундары катышышты.

Ар бир айыл аймактын баба дыйкандары мээнет менен маңдай терин төгүп өстүрүшкөн жер-жемиштерин алып келишип, күз берекесинин бышыкчылыгын даңазалашты. “Нан болсо – ыр да болот” дегендей, боорсоктун, нандын ар түрлөрү коюлган тамак-аш жарманкеси, эт-май багытындагы Арашан койлордун көргөзмөсү көргөзүлдү.

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов майрамга келгендерди кызуу куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

“Түшүм майрамы” жогорку деңгээлде, зор уюшкандык менен өткөрүлүп, алдыңкыларга жана өзгөчө эмгектери баалангандарга сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң райондук маданият үйүнүн өнөрпоздорунун концерттик программасы менен коштолду.

Рекомендации