2024-жылдын 28-сентябрынан 1-ноябрын кошуп алган мезгилге чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактап алыңыз:
— 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу;
— шайлоо участкасында;
— “tizme.gov.kg” сайтында;
— же 119 кыска номерине ПИНди — паспортуңуздагы жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү аркылуу шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин ала аласыз (SMS билдирүүлөрдү жана чалууларды жөнөтүү акысыз).
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме» порталында жайгаштырды — https://tizme.gov.kg/.