Аппарат полномочного представителя Президента Кыргызской Республики
в Иссык-Кульской области

кыргызстан

Новости

Жалпы дарыгердик практика борборунун имаратынын ачылыш аземи

2024-жылдын  14 октябрында  Туп айылында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жалпы дарыгердик практика борборунун имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш  Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси А. Жапаровдун онлайн катышуусунда куттуктоо сөзү менен башталды.

Ага саламаттыкты сактоо министри, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Түп районун акими жана башка жергиликтүү жектечилер, айыл тургундары катышты.

Жалпы сметалык баасы 88 млн сомдон ашык имарат, көп жыл салынган «долгострой» болду, курулуш иштери 9 жылга созулуп, көпчүлүктү күттүрдү. Ошондой болсо да, район тургундары үчүн замандап шарттар менен камсыздалган борбор 60 бейтапка ылайыкталган. Ичинде хирургия, төрөт бөлүмү да орун алды.

Саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиев Түп районундук бириккен ооруканасынын дарыгерлери алып жаткан маяна 1000$га, айрым врачтар 75, 100 миң сом алганын белгилеп өттү. Аны менен катар өткөн жылдардагы оор мезгилдеги учурларды эскерди.

Район эле эмес, өлкөдө аты белгилүү хирург, учурунда 10миңден ашык операция жасаган Жаныш Мокешов, куттуктоо сөзүндө Талды-Суу айылына да жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты керектигин айтып, министрге кайрылуу жасады.

Анын менен бирге учурда заман талабы болуп жаткан санариптешүүнү өнүктүрүүгө салым катары, КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан компьютер да белекке берилди.

Рекомендации