КӨПЧҮЛҮКТҮН КӨҢҮЛҮН КӨТӨРГӨН “КЫРГЫЗ КӨЧҮ” ЭТНО-СЫНАГЫ
Октябрь айынын үчүнчү жумасында Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 9-10-11-класстын окуучуларынын катышуусунда “Кыргыз көчү” деген темада этно-сынак өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарына жана “Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына” карата өткөрүлгөн этно-сынакка окуучулар чыгармачылык менен жогорку деңгээлде даярданышып, өздөрүнүн таланттарын эл алдына алып чыгышты.
Окуучулар ата-энелеринин жардамы менен мектептин короосуна көз жоосун алган 8 боз үй тигип, шырдак, ала кийиз, алтыгат салып, туш кийиз тагып, дасторконун жайнатып келген конокторду ыр-күү менен музыканын коштоосунда тосуп алышып, улуттук оюндарды ойношуп, бул күнү мектептин айланасы шаңга бөлөндү. Бүркүт таптап, куш салган айылыбыздагы мүнүшкөрлөр да иш-чарага чакырылып, окуучуларга кызыктуу маек куруп берүү менен жаш муундардын ата-бабабыз аздектеп келе жаткан бул өнөрлөрүн улантууга багыт беришти десек жаңылышпайбыз.
“Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон чыгаан инсандар” деген теманын алкагында Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Курманжан Датка жана башка тарыхый инсандар тууралуу театрлаштырылган чакан сценканы даярдап, катышуучуларга тартуулоо менен өздөрүнүн актёрдук чеберчиликтерин да көрсөтуштү. Этно-сынакта мектеп окуучулары Кыргызстандын тарыхый эстеликтеринин жана көрүнүктүү жерлерибиздин макеттерин өз колдору менен жасашып, элибиздин тарыхын изилдешип, чыгармачылык менен ачып бергендиктери жалпыбызды кубандырбай койгон жок.
Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш муундарыбыздын каада-салт, үрп-адаттарыбызды, ошондой эле кыргыз элинин басып өткөн улуу жолун, тарыхыбызды терең билүү максатын көздөгөн этно-сынак аталган мектепте өткөн окуу жылында да жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар активдүү катышышып, таасири жана тарбиясы зор болгон.
“Кыргыз көчү” этно-сынагынын сапары мындан ары да улантыла бермекчи.